Журналисттик кесипке өз өмүрүн берген “Агым” гезитинде 15 жылдан ашуун эмгек өтөгөн Сурат Жылкычиев сүйүктүү кесиби жана өзгөчө образынын тарыхы тууралуу баяндайт. (7-ноябрь улуттук басма сөз жана маалымат күнүнө арналат)

Журналистика дүйнөсүнө адашып келген Сурат агай

Журналистика айдыңында эмгектенген кесиптештеримдин бардыгы 365 күн, күн-түн дебей эмгектенишет. Мына ушул бир гана күн бизге арналган күн, 7- ноябрь майрамыбыз экен.

Журналистика- бул өтө катаал өтө кооптуу, намыстуу, өтө абройлуу чоң жоопкерчиликти талап кылган кызмат. Мен журналистикага адашып келип калгам (күлүп). Эмне дегенде 11 жыл музыка жаатында окудум. Ал кезде Кыргызстан жаңы эле эгемендик алып, байрагын колуна кармаган учур. Композитор факультетин аяктагандыктан эгемендик алган жылдардан тартып биздин жараткан чыгармаларды коомчулук укпай калды. СССР композиторлор союзу биздин кыргыз союз композиторлоруна каражат бөлбөй калгандыктан маданият кызматкерлери токолдун баласындай болуп калганбыз.

Ошол жылдары бир топ кыргыз журтчулугу итке миндик. Анын ичинде менин композиторлук чыгармачылыгым да үчүнчү ,төртүнчү планга жылып кетти. Ал арада 4,5 жылдай Бишкек педогогикалык колледжде музыка сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Арзыбаган айлыгым үй-бүлөмдү багууга жетпей калды.

Мен аздектеген, менин жүрөгүмдө оргуштап турган музыка жааты менден алыстай баштады. Пенде катары жашоого күрөштү башка жактан издегенге аракет жасадым. Бирок, ал кезде жаңы түшүнүк- коммерция, бизнеске да шыгым жок экен.

 

Биз студент кездерде чогуу футбол ойноп жүргөн Мелис Эшимканов деген иним мага: “Суке “Агым” гезитине келбейсизби, журналист болбойсузбу…”- деп чакырып калды. А мен тамашалап: “Ээй Мелис сен ойлонуп сүйлөп жатасыңбы? Менден кайдагы журналист? Мен эки ооз сөздү кошуп жаза албайм… гезитиңе иштеп кыйрата албай го… мен сени уят гана кылам”, деп күлдүм.

Ал: “Ой байке Салижан Жигитов, Чоюн Өмүралиев, Кубатбек Жусубалиев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаковдордун бирөө да журналист эмес болчу. Бири филолог, тилчи, прозаик же жазуучу болчу. Ким эле журналист болуп туулуптур?- деп опулдап шыктандырды.

Ошол кездерде “Ленинчил жаш”, “ Жаштык жарчысы” андан кийин “Асаба” гезиттерин калтырбай окуйт элем. “Агымга” да кыска –кыска ой- толгоолорумду бере койсом, жарыялап коюшчу. Ошондон уламбы, Мелис иним анча- мынча шыгымды, жөндөмүмдү билгендир…

Ошентип ыраматылык Мелис Эшимканов журналистикага мени алып келген.

Уйдун тилиндей кичинекей макалама баламдай аздектеп мамиле кылчумун.

Ал кезде тиражы өтө чоң делген “Агым”гезитин Кыргызстандын 80-90 % окучу. Өтө абройлуу гезитке журналистикадан же филолгиядан эч кабарым жок эле иштеп баштадым. Бараарын барып алып, “Э Меке эми эмнеден баштайм?”- деп бушайман болдум. Мелис мага: -“Сиз маданияттын адамысыз, маданиятты жазыңыз. Мына чогуу футбол ойноп жүрөбүз, спортту жазыңыз”- деп, багыт берип, “Агымдагы”жазмакердин бары саясатты, экономика, социалдык макалаларды чагышат. Бизде маданият менен спорт бети жок, деп калды. Байкасам, мен окуган гезит беттеринде анда- мында чочугансып баланча олимпиада чемпону болду деп, кичинекей макалалар жарык көрүп калбаса, спорт тууралуу эч бир жаңылык чыкпайт эле…

Андан бери ошол эле “Агым” гезитинде  мен аттанган спорт жаатын ушул күнгө чейин чагылдырып жазганыма 15 жылдан ашты. Мени “антип жаз, минтип жаз”, – деп жетелеген киши деле болгон жок. Болгону чогулушта бул же тигил спортчудан интервью ал деп багыт гана беришчү. Анан жазып койгон макаланы алгач корректор текшерген кезде, каталарын кызыл калем сап менен оңдоп коюшаар эле… ошону алып алып кайра ошол катаны экинчи кетирбештин аракетин кылып өзүмдү тарбиялачумун. Анда азыркыдай компьютер деген жок. Ката кетсе, кайра колго ошончо баракты көчүрүп жазып чыкмай эле. Жазуучунун ар бир чыгармасы – өзүнүн баласындай дегендей, ар бир кичинекей макалаңа жүрөгүндү салып, ойлонуп, толгонуп отуруп жазчу элек. Уйдун тилиндей кичинекей макалама баламдай аздектеп мамиле кылчумун.

Эки же үч кагаз бетин толтура жазып алып, кайра жазган макалама  өзүмдүн ичим чыкпай, көзүмдүн кумары, кулагымдын кычуусу канбай калып, кээде 4 кээде 5-6 баракты кочуштап туруп тоголоктоп ыргытып жиберчүмүн. “Мен журналисттикке жарабайт окшойм, башка эле кесипке кетсемби” деген ойлор келчү кээде… Же кара жумушка же соодага шыгым жок болсо кайда барам,- деп ушул кесипке бел байлап, бул кесиптин канча белеси, канча бели, канча ашуусу болсо да чыдап эмгектенейин деп жүрөгүмдөн акыркы өжөр чечимди кабыл алганым эсимде…

Бара-бара жазган сайын, бир короо ачылган соң экинчи бир чоң короого кирип, анан андан ары бешинчи, андан кенен короо кулачын жайып отуруп журналистиканын анык сырдуу дүйнөсү мен үчүн ачыла баштады. Кызыктуу адамдар менен болгон маектер… Эл жөн эле телевизор аркылуу гана көрүп жүргөн министр же Жогорку Кеңештин депутаттары же миллиардерлер менен жөн эле чай ичкенче баарлашып калдык да… Мыны ошондо журналисттик кесиптин бийиктигин сезип, көп залкар улуу адамдар менен кесибимдин аркасынан таанышып, кылып жаткан эмгегимдин ыйыктыгына баа бере баштадым. Билинбей отуруп ушул кудуреттүү кесипке байландым да калдым.

Өсүп келе жаткан жаш журналисттерге айтаарым, – эмгектенип улам- улам өзүң кетирген катанын үстүнөн иштеп, өзүңө-өзүң сын пикир менен карап, жарыяланган матералыңды эки, үч ирет карап чыгып ошол жерден тапкан катаңды экинчи кайталабаганга аракет кылсаң өсөсүң дээр элем.

Узун чачымдын узундугу мен үчүн да сыр. Жообу жок.

Исскуство институтунун композитор бөлүмүн аяктаган Сурат Жылкычиевдин өзүнө таандык бир канча чыгармасы бар. Эл алдына алып чыкпаса да тар чөйрөдө таланты менен көпчүлүктү мукам күүлөрү менен таң калтырып келет. Белгилүү журналистти бир топ иш- чараларда артист же ырчы, чоорчу деп ойлошот. Себеби, агайдын белинен келен узун ак чачы жана аппак жайылган сакалдары өзгөчөлөнтүп турат.

Чачы менен сакалын 2011- жылы коё бергенин айткан агай. “Көпчүлүктүн көзүнө жат болгон улгайган эркек кишинин узун чачынын тарыхы бар”- дейт.  “Же өнүм эмес, же тушүм эмес дегендей… Бир күнү түшүмдө бир кызыктай окуя болду.  Осмоналы Садык деген мен болом, кыргыздын биринчи агартуучусумун, деп бир киши мени менен суйлошүп жатат. 1912- жылы Уфа шаарында Кыргыз тарых шадмания, Кыргызия деген китептерим чыккан. Китептериме эмки жылы 100 жыл болот экен. Ой ошол китептеримди Кыргызстанга алып келбейсиңерби”- деп жатат мага тушүмдө. Ал китептеримде  кыргыздын үрп адаты, өңү-түсү кандай болгон жазылган, -дейт. Мен журналистигимди карматып, “А кыргыздын өңү- түсү кандай болгон?”, -деп сурап жибердим.

“Кыргыз деген – чач, сакалына бычак тийгизген эмес. Үйлөнгөнгө чейин бош койгон, үйлөнгөндөн кийин байлаган”- дейт. Бир балалуу болсо бир байлап, эки болсо ылдыйраак дагы бир байлам үч болсо андын ылдыйраак кылып дагы бир буум байлап жүргөн. Ошондон анын канча баласы бар экенин билишкен. Ал эми небере көрсө, мурунку таңгактан бир карыш ылдый түшүрүп анан байлаш керек,- деп мага түшүндүрүп жатат. Ошол чачтын узундугу жана анын муун- муун болуп байланышы ошол кездеги кыргыздын макамын билдирип турган деди. Чачын өрүп жүргөн эркектер болсо, тартип сакчылык кызматтарын аткаргандар болгон экен.

“Ал китеп кайда? Десем, ал араб арибинде жазылган азыр Кытайда же Кызыл Суу облусунду, же Бежинде”- деди.

Мен түшүмөн чочуп ойгондум. Бир топко бул жөн түш болбой калды деп ойлонуп жүрүп Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургуналыга жолугуп айттым: “Осмоналы Садыктын кыргыздар жөнүндө китеби бар экен. Ошону кытайдан алып келбейсиңби”- дедим. Ал кытайга барганда изилдеп бир топтордон сураштырып отуруп жети катмар ары турарын айтып келди. Жети катмар дегени, жөнөкөй карапайым адамдарга таандык эмес экен. Окумуштуу, изилдөөчүлөр гана окуп изилдей турган китеп болуп чыкты. Бирок, эң кызыгы ошол түшүмдүн чындык менен шайкеш келип калгандыгы болду. Оюма да келбеген китептердин чыныгы жашоодо бар болуп чыгышы болду…

Андан 3-4 жыл өткөндөн кийин мончодо жуунуп жатсам аты- жөнүм Кубат Таабалдиев архиологмун деп бир жигит келип таанышып калды. Сиздин чачыңызды көрүп жакындан таанышайын дедим, сизди угуп жүрөм Сурат байке деп калды. “Сиз 6-8- кылымдын кыргызы экенсиз” – деп айтты. Мен чочуп кеттим. Архиолог, тарых илиминин кандидаты болсоңуз далил барбы?,- деп сурасам “Эртен келиңиз, мен сизге далилдерди көрсөтөм,”- деп калды.

Эртеси  Манас-Түрк Университетине барып чалсам кабинетине киргизип бир китепти ачып көрсөттү. Китепте таштын сүрөтү турат, анда чачын коё берип, жаа атып жаткан жоокердин сүрөтү чегилиптир. Астында кыргыз рун жазуусу менен “Кыргыз жоокери” деп жазылган экен. Сизге окшош экенби?- деди. Бу мени кайдан таптың деп күлүп калдым. Орусиянын Алтай, Монголия, Кытай мамлекеттери кошулган жерде бою 177 см болгон ушул сүрөт чегилген таш турат деди. Кубат мырза: “Сиз 6-8- кылымдардын ортосунда жашап кеткен кыргыздардын үлгүсү экенсиз. Менин илимий ишиме азык болуп бердиңиз” ошондон улам сиз менен жакындан таанышууну көздөгөм деген эле. Ошол кездешүүдөн 3 жыл өткөн соң Кубат Таабалдиев кайра мени издеп келиптир. Сурат байке чачыңызды кесе элексизби? -деп сурады. Жок десем, мен эркектердин байыркы чач кыпчыткычын, эркектердин чач өрүмүн таап алдым  азыр кайра оңдоого берип жатам, сизди чакырам ошол табылгаларды сиздин чачыңызга тагып эл алдына тартуулайбыз деп калды. А чындыгында, чачымды кесүүгө колум барбайт. Мен ошол кылымда жашап өткөнмүн го деп ойлоп кетем. Себеби, чачымдын узундугу мен үчүн да сыр… эмнеге өстүрүп жатасыз деген суроого – жообум жок.

 Журналисттин узун чачы ачкан курсакты тойгузуп…

“2014- жылы чачымды өстүргөнгө 3 жылдын жүзү болуп калган кезде Ысык- Көлдө өткөн Биринчи Көчмөндөр оюнунда биздин укук коргоо органдарындагы кызматкерлери жалпы эле ошол жерде жүргөн тартип сакчылар мени чет элдик коноктор өтчү жерлерди жаңсап өткөрүп жатышты. Сакалым болсо да чачымдын узундугун көрүп, бирине- бири шайкеш келбей турса, ойлошот да качан кыргыздын ак сакалдары чач өстүрсүн?, -деп.

Ошол жерден Кырчын жайлоосуна барганыбызда, атайын комиссия ар бир облустун даярдыктарын карап кыдырып жүрүшкөн экен. Анан мага да кызык болуп аларды ээрчип алдым. Таң аткандан алар менен ээрчишип жүрө берип саат үчтөр болгондо курсак абдан ачты. Таластын боз үйүнө келген кезде комиссия сынактык даярдыктарын карап чыгаары менен эле аларды  башка боз үйгө алып кетип калышты. Атайын журналисттерге арналып тигилген үйлөр эки чакырым алыстыкта эле. Жөө басыш керек. Жол алыс. Курсак ачка…

Айла кетип алдыман чыккан боз үйго кирип бардым. Ал Чүй облусунуку экен. Ортодо курсагы чоң киши отурган экен. Ал : “Ооо мына дагы бир чет элдин журналисти келди”,-  деп калды. Жок, мен кыргызмын дейин десем, жанагы чоң кишинин жанындагы шерикттери аны, “билип билбей эле айта бересиңби?”, – деп шылдың кыла тургандай.

А мен болсо билгизбештин айласы кылып  фотоаппаратыма алардын боз үй жасалгаларын мындай, тигиндейинен кылып тартып жатып калдым. Ал аңгыча Чайна? Жапан?- деп сурап калышты. Жапан деп койдум. Отур, отур деп жаңсап “Гүкү жанагы тамагыңды алып келчи” деп кыйкырды. Гүкү чучук, казы карта салынган чоң табакты алып келип алдыма койбоспу. Баягы ортодо отурган “Шеп” астына учанын этин, үстүнө чучук, анан  казы карта кылып тизип берди. Курсагым ачып шилекейим куюлуп турган жаным шап эле оозума салып эки чайнап бир жуттум. Экинчи анан үчүнчү жолу өзүм ошентип тизип алып жеп кирсем “карачы, жапондор кандай акылдуу, кыраакы болушат тура, бир көргөнүн туурап,  пай- пай деп жатып калышты” Буга кымыз берип көрбөйлүбү деп кымызды беришти, суусап калган экенмин аны да шарт жутсам баягы боз үйдөгүлөр ооздору ачылып “ай иий бул кыргыздын ар бир тамагын изилдеп чыккан кыйын жапон журналисти экен” деп өздөрүнчө мен жөнүндө сүйлөшүп жатышты… А чынында мен Ат-Башылык  карышкырдан эт талашып жеп чоңойгон жигит экенимди айтпасам алар кайдан билишсин. Мына бул окуя – мен кыргыздар үчүн кыргыз эмес, чет элдик сыяктанып калдым. Ал эми сыртка чыгаарым менен жапондор мени менен мына эски кыргыз деп сүрөткө түшүп жатышты. Ушундай кызык окуя болгон…

Качан мен журналист катары коомго керегим тийбей калган кезде үйүмдүн түндүгүн чечип, үзүгүн сыйрып, түйүнчөгүмдү түйүп алып ардактуу эс алууга кетем.

Канчалык бир денгээлде мен кыргыз элине кайсыл бир бучкагын чоюп салым кошо алганга жарап турганда кызмат кылам. Акыркы күчүм калмайынча болгон дараметимди жумшайм. Эгерде чоң кызмат болсо, кой жаштарга орун берели дейт элем. Эгер менин ордум жаштарга керек болсо, ордумду гана эмес, өзүмдүн насаатымды айтып уйрөткөнгө ар дайым  даярмын. Жыйырмадан ашуун журналистика жаатында шакирттерим бар. Алар мени “Аталап” артымдан калбай ушул сыйкырдуу кесиптин сырларын үйрөнүп калганга аракет кылышат. Азыр алтымыштымын. Калган жашымды алымдын келишинче  ушул кесибиме арнайм. Качан мен журналист катары коомго керегим тийбей калган кезде үйүмдүн түндүгүн чечип, үзүгүн сыйрып, түйүнчөгүмдү түйүп алып ардактуу эс алууга кетем.

Маектешкен Наргиза Байөмүрова

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0