Саясатчы Камчыбек Ташиев “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловду катуу сындады. Ташиев фейсбук баракчасы аркылуу ” “Республика-Ата Журт” партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин “Ата Журт” партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз.  Ал эми “бирөөлөргө бир аз кошоматчылык кылсам эле дагын депутат болом “деп жүрөсүзбү,саткындарды ,эки жүздүүлөрдү,бийлик үчүн жанын сатканга даяр болгондорду элибиз да билип ,түшүнүп эле турат. Так,что сиздин да депутат болушуңузга чооң күмөнүм бар,сизди кайсыл партия катарына кошсо да өтө чоң жанылышат жана менин саясий каршылашым болот” ,-деп жазган.

Урматтуу депутат ЖК Райымкулов! Сиздин "Ата Журт" партиясы боюнча берген интервьюнузга жооп жазып коеюн."…

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Четверг, 7 ноября 2019 г.

Буга чейин Бактыбек Райымкулов “Азия ньюс” гезитине шайлоо боюнча берген маегинде,  “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген. Бул Ташиевдин нааразы болушуна алып келген.

Ал эми Райымкулов Ташиев жоопту түшүнбөй калып пикир жазганын айтууда.

” “Ата-Журттун” мүмкүнчүлүгу кандай деген суроого “айта албайм” деп жооп бергем. Жоопту туура түшүнүп, анан пикирин жазса болмок. Туура түшүнө албаса деңгээли ошол да”,  – деген Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: