ӨКМден билдиргендей Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрт саат 15:21де толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 100 м2 түздү, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Саламаттык сактоо министрлиги 13 адам жабыркап, кафеде иштеген кыз каза болгонун маалымдады. Ошондой эле күйүк алган эки адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, тез татымда эки газ баллон жарылган. Адегенде бирөө жарылып, он мүнөттөн кийин экинчиси жарылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 6