Иллюстрациялык сүрөт

Түркияда кыргыз мигранттары мекендешин тоногон деп шек саналууда. Бул тууралуу Анталия прокуратурасынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирген.

Маалыматка караганда 7-ноябрда Анталия шаарынын Манавгат аймагындагы мейманканалардын биринде иштеген кыргызстандык эки келин ошол эле мейманканада иштеген мекендешин ур-токмокко алып чөнтөк телефонун тартып алган. Жабырлануучу, 38 жаштагы Н.К. Манавгат мамлекеттик ооруканасына жеткизилип, ал жерден полиция кымзаткерлерине арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык эки шектүү жаранга каршы кылмыш иши козголуп, алар «Уурулук», «Коркутуу» жана «Ур-токмокко алуу» беренелери боюнча камакка алынган. Окуяга тиешелүү кыргызстандык жарандар Манавгат аймагындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринде бөлмөлөрдү тазалап иштешчү.

Жабырлануучу Н.К. учурда мамлекеттик ооруканада дарыланууда.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1