Түркиянын Анкара шаарында белгилүү актер, сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен кыргыз киносу менен театрынын жылдызы, сахна ажары, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси өттү. Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Т.Турсунбаеванын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев катышты. Иш-чара Анкара шаарындагы университеттердин биринде өтүп, Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» чыгармасынын негизинде тартылган тасма көрсөтүлдү. Мындан тышкары көргөзмө дагы уюштурулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0