Эртең, 9-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет. Бул тууралу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. Оюн «Пахтакор» стадионунда өтөт. 

«Беттеш Кыргызстандын телеканалынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Учурда бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», – деп айтылат маалыматта. Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Вадим Абрамов оюнду телевидениеден көрсөтпөөнү суранган. Бул тууралуу Tribuna.uz» басылмасы жазган. Басылма булактардын билдирүүсүнө комментарий берип: «Башкы машыктыруучу Вадим Абрамов сауд арабиялыктар биздин футболчуларды изилдешин каалабайт. Анын өзүнүн ишке ашыра турган пландары бар. Сураныч, стадионго барып, күйөрмандык кылгыла», – деп жазды.

Ал эми Өзбекстандын футбол ассоциациясынын сайтында аталган оюн телевидениеден көрсөтүлбөй турганы тууралуу маалымат жок. Бирок билеттер сатылып жатканын айткан. 2022-жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында Өзбекстандын курама командасы бул ирет сауд арабиялыктар менен беттешет. Оюн 14-ноябрда Ташкент шаарында өтөт. Учурда Өзбекстандын курамасында 6, Сауд Арабиянын командасында 5 упай бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0