Наристе жөрмөлөп жатып тепкичке жетип калганда, үйдүн ары жагынан чуркап чыккан мышык баланы кулап кетүүдөн сактап калды. Окуя үйдүн ичиндеги видеобайкоого жазылып калган. 31-октябрда Колумбиянын борбор шаарында катталган бул видео интернетте атактуулукту алууда.

Кадрда комбинезон кийген наристе тепкчитин кырына жетип токтоп калганын көрүүгө болот. Мышык секирип келип, баланын жолун тосуп калды. Наристе үй жаныбары менен алаксып андан ары ойноп кеткен. Мышык үйдөгү кичкинтайды коркунучтуу учурдан сактап калганына ата-эненин жүрөгү жылыган. Учурда видеороликти көргөндөрдүн саны миллиондон ашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0