Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматы “Антошка” кафесинин ижарачысын кармады. Бул тууралуу ШИИББнан билдирди.

Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 8-ноябрь күнү 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүү иштин алкагында тергөө улантылып жатат. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, кечээ 8-ноябрда тез тамактануучу жайда эки газ баллон жарылып бир кызматкер каза болгон. Мындан тышкары 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 56