“Ош базарына” жакын жердеги үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. 8-ноябрда болжол менен саат 18:45те Краснознаменный көчөсүнүн жашоочуларынан милицияга билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ош базар” тарапта жашаган жашоочу көчөдө жаткан бейтааныш адамды көрүп, жылынып алсын деген максатта аны үйүнө алып кирген. Бирок ал өзүн начар сезе баштаганда “Тез жардам” кызматын чакырткан. Дарыгерлер келип, анын каза болуп калганын аныкташкан.

Маркумдун туруктуу жашаган жери болгон эмес. Учурда милиция кызматкерлери анын аты-жөнүн такташууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: