Бишкектин Шабдан баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол системасын киргизүү үчүн эксперимент жүргүзүлдү.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, демилге Бишкек мэриясына таандык.

Эксперимент 8-ноябрь күнү жүргүзүлөрү, бул үчүн кесилиштеги жол чырактар толугу менен өчүрүлөрү алдын ала кабарланган.

8-ноябрь күнү кечке жуук социалдык тармактарга коюлган тасмалардан аталган кесилиште автоунаалар топтолуп, бири-бирине жол бербей турганын көрүүгө болот.  Эки сааттык эксперименттен соң, мэрия тараптан жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган.

Айдоочулардын көпчүлүгү жол эрежелерин жакшы билбегени байкалды. Айлампанын ичиндеги автоунаага жол берүү зарыл экенин билбегендер көп экен. Мындан тышкары кесилиштеги аймак айланма жол үчүн бир аз тардык кыларына көзүбүз жетти. Кийинки жылы кесилиштин аймагын кеңейтип, оң жакка дагы бир автоунаа жүрүүчү тилке кошуп, андан кийин гана айланма жол системасын киргизүүнү чечтик” ,- деп билдирет мэриядан

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 39