Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Талантбек Салиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызмат орундарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.