Бишкекте 30 секунддун ичинде карызга акча берген 12 дей “Акчамат” терминалы коюлган. Улуттук банк насыя берген терминалдын иши мыйзамсыз деген негизде, соода түйүндөргө жана базарларга терминалдарды койдурбоого чакырды.

“Акчаматтын” өкүлдөрү Улуттук банкта каттоодон өткөн эмес жана насыяга акча берүүгө лицензия алышкан эмес.

«Учурда “Акчамат” терминалдары кредит берүү боюнча ишин токтотуп, карыз берип жатат. Бул жарандык мыйзамдын алкагында жүзөгө ашырылып жатат жана Улуттук банктын тескөөсүнө алынбайт», — деп билдиришти Улуттук банктын өкүлдөрү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту сентябрда «Акчаматтын» мурдагы директорун айыпка жыгып, ага жарым жыл насыяга акча берүү ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: