Төө-Ашууда кар жаап, унаа тыгыны жаралууда деген маалмат чындыкка дал келбейт. Бүгүн 9-ноябрга карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Ютуб каналында, башка соцсеттерде учурдагы абалга дал келбеген жол тыгын тууралуу видео чыгууда, андыктан жарандарга туура эмес маалымат таркатуудан баш тартууну эскертебиз“,-деп билдирет аталган ведомстводон. 

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтулбөйт.

11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Толуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-ноябрда күндүз жана 13-14-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: