«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү социалдык шарттарды жакшыртуу боюнча максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңири жыйынында айтты.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жаңы экономикалык божомолдун негизинде сунушталууда.

«2019-жылдын аягына чейин чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул бекитилген бюджеттен 3,4 млрд сомго көптүк кылат. Ошону менен бирге Өкмөт социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурат. Бардык пландаштырылган долбоорлор жана социалдык төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин программасынын алкагында 1-октябрдан тарта 120 миң мугалимдин эмгек акысы көбөйтүлдү. Бул үчүн кошумча 1 млрд 742 млн сом табылган. 2020-жылы мугалимдерге жогорулатылган айлык төлөө үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Мындан  тышкары гемодиализге 322,8 млн сом кошумча каралды. Маданий объекттерди оңдоого 238 млн сом багытталган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 6,0 млрд сомду түздү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, аларды колдоону суранды.

«Башталган бардык иштер жана демилгелер 2020-жылы улантылат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан «РСК банк» ААКга жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн 35 млн АКШ доллары бөлүнөт. Мындан тышкары Кумтөр кенинин ишинин алкагындагы рекультивациялоо фондунун каражаттары экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат», – деп билдирди ал.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдошту.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: