Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-9-ноябрь күндөрү жумушчу сапары менен чек арада жайгашкан мектептерде: Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү “Максат” орто мектебине, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 эксперименталдык гимназияга, Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулушу жүрүп жаткан Ж.Момунов орто мектебине жана Баткен шаарындагы мектеп гимназиясына, Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж. Байжигитов атындагы орто мектептерине барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр мектептердин абалы менен жеринде таанышып, айыл мугалимдери менен кеңири пикир алышып, алардын сунуштарын угуп, билим берүүдөгү ийгиликтерине жана демилгелерине күбө болуп, мугалимдерге дем-күч берип, окуучуларга окуу процессине колдонуу үчүн технологияларды, окуу жана адабий китептерди белекке берди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: