“Кыргызкөмур” ишканасы көмүрдү ташып келүү боюнча тендер жарыялады. Бул туурасында маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча мекеменин расмий сайтында жарыяланган. Тендердин суммасы 193 млн 725 миң сомду түзөт. Мамлекеттик ишкана мынча каражатты 225 км аралыктан 150 миң тонна көмүрдү алып келүүгө сарптоого даяр. Белгилей кетсек, кара алтын Нарындагы көмүр чыкчу жайлардын биринен Балыкчы шаарына чейин гана жеткирилет.

МЫНДАЙ ЧЫГЫМДАР КАЙДАН ЧЫКТЫ? ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭМНЕГЕ ТАЯНЫП БУЛ СУММА ПАЙДА БОЛДУ?

Тендерде Нарын облустук антимонополияга каршы мамлекеттин нормалык негиздери көрсөтүлгөн. Анда 1 тонна көмүр 1 чакырымына 2 сом 87 тыйын турат деп көрсөтүлгөн.

Демек, 150 тонна көмүрдү 2 сом 87 тыйынга көбөйтсөк 430 мин 500 сом чыгат. Аны транспорттун барып келген жолун эске алуу менен экиге көбөйтсөк 861 мин болот. Ошону менен жогорудагы сумманы жалпы аралык 225 кмге көбөйтсөк, тендерде көрсөтүлгөн сумманы алабыз 193 725 000.

УТУП АЛГАН КОМПАНИЯ КАНДАЙ ЧЫГЫМДАРДЫ ТАРТАТ?

Көмүр жүк кубаттуулугу 30 тоннаны түзгөн КАМАЗ чиркегичи менен жеткирилет. Буга ылайык, 150 миң тоннаны 30га бөлүп 5000 каттам (рейс) алабыз.

БИР УНААГА КАНЧА ЧЫГЫМ ЖУМШАЛАТ?

193 725 000 жалпы сумманы 5000 бөлүп 38 745 сом алабыз, бул бир каттамга төлөнүүчү акча.

Эми 38 745 миң сомдон 4000 сом кемитүү керек – бул айдоочунун айлыгы. Андан тышкары дагы 10000 мин сом– бул күйүүчү майга кетет. 24 745 миң бир каттамдан кала турган пайда деп эсептей турган болсок, 5000 каттамдан тендерден уткан компания 123 млн 725 мин сом киреше табат. Бул жерде албетте майда барат башка чыгымдар да бар.

Алар: Амортизация, ремонт, аккумулятор, дөнгөлөк, документтер, автол ж.б.у.с.  Буга орто эсеп менен 2 млн 292 миң 540 сом сарпталган күндө дагы . таза киреше 121 432 460 сомду түзөт. Демек тендерден утуп алган “бактылуу” компания ушунча киреше табат дегенди билдирет.

ОЛЧОЙГОН КИРЕШЕНИ ЖЕКЕ ТАРАПКА ТӨЛӨБӨЙ МАМЛЕКЕТТИН ЭСЕБИНДЕ КАЛТЫРУУГА МҮМКҮНБҮ?

Албетте мүмкүн! “Кыргызкөмүр” жыл сайын дал ушундай сумма менен тендер жарыялап келет. Азыркы убакта базарда КАМАЗ чиркегичи менен болжолдуу баасы 3 млн сомду түзөт.

Демек, 193 млн 725 миң сомго 50 КАМАЗ чиркегичи менен биротоло менчикке сатып алууга болот. 43 млн 725 мин сом калдыкты күйүүчү майга, айдоочулардын эмгек акысына жана башка чыгымдарга жумшаса болот. Бирок “Кыргызкөмүр” ишканасы мыйзам жол бербейт деп куушуруп келет. Мындан улам жыл сайын миллиондогон акчалар жеке тараптардын чөнтөгүнө кирип кетүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 55