11-ноябрь күнү саат 00:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда эки унаа кагышып,анын кесепетинен 4 адам каза болду. Алардын бири белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, жаш төкмө акын Акжолтой Канат уулу экени аныкталды. 26 жаштагы акындын жанындагы келинчеги дагы мерт кеткен. Экөөнүн баш кошкондоруна 2айдай гана убакыт болгону айтылат.

Каза болгон жигиттердин бири чыгармачылыкта жүргөн Жоомарт Алмазбеков аттуу жаран болгон. Ошондой эле Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К жан берди.

Алар “Subaru Impreza”үлгүсүндөгү унаа менен Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаасы менен кагышкан. Бирөө ооруканада.

Белгилүү болгондой, маркумдар Ысык-Көлдөгү ыр кесеге катышып, Кочкорду көздөй тойго бара жатышкан. Алар кырсык болгонго чейин жолдо бара жатып видео тартып сүрөткө түшкөндөрүн социалдык баракчасына жарыялашкан.

Макала жактыбы?

НетДа
7
-1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 107