Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөнүн бирине Курманбек Бакиевдин аты берилгени  коомчулукта талкуу жаратты. Интернет колдонуучулардын терс пикиринен улам Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирүү таратып, анда жергиликтүү кеңештин токтому артка кайтарыларын билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары ал токтомду эч кимибизге билдирбей өз алдынча чыгарып алышкан. Бирок токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча алынды,” – деди Сатыбалдиев.
Бирок Бакиевдин ысымын көчөгө берүүнү туура деп эсептегендер да бар. Ош шаарынын тургуну, активист Асранкул Жээнкуловдун айтымына караганда орусча аттардан көрө кыргызча ат болгону жакшы көрүнүш.
Мен өз оюмду айткым келет Лев Толстой же Цунь Ят Сен көчөлөрү, Иличовка айылы деп эле жашап жатпайбы? Эмнеси жаман? Бакиев Курманбек Салиевич көчөсү болду, ысымы берилсе кимдин арты күйүп туз жалачудай болуп атасыңар. Албетте бул кишинин басып өткөн жолу билген адамга ооматтуу, бир кезде үчүнчү күч пайдаланып АША ны такка алып келүүдө бул бечараны жөн гана колдонуп коюшту” -деди Жээнкулов.
Ал эми мыйзамдык жагынан алганда айылга тийиштүү ушундай маселелерди жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет. Маселен буга чейин дал ошол жылы ички иштер министри болгон Молдомуса Конгантиевдин аты Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар конушунда «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө берилген. Анда да айыл башчы айылдык кеңеш аркылуу ыйгарылганын билдирген. 
Бул 2018-жылдын октябрларында болгон. Ошол учурда өйдө жактан «эл каттоо үчүн көчөлөрдүн аттарын тезирээк койгула деген талап болуп турган”.
Айылдык кеңеш демилге көтөргөндөрдү документтин артына жазып, ошону атайын токтом менен бекитип берген. 
Молдомуса Конгантиев ушул жылдын күз айларында акталып чыкты. Ага 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон болчу.
Ал эми Беларусияда баш калкалап жаткан Курманбек Бакиевге жана анын балдары Марат, Максим Бакиевге, бир туугандары Жаныбек, Акмат, Каныбек Бакивдерге, Искендер Бакиевге, Чыңгыз Салиевге, издөө жарыяланып соттолот деген маалымат тараган . 
Кыргызстанда 7-апрель элдик революция күнү белгиленип, ал күнү массалык маалымат каражаттарынан эскерүүлөр, документалдык берүүлөр кетип, жер жерлерде эскерүү кечелери уюштурулат. Себеби 2010-жылдын 7-апрелинде борбор шаарыбыздын « Ала-Тоо» аянтты канга боелуп ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди тактан кулаткан. Ал күнү жалпысынан 90 дон ашык карапайым адам каза таап дагы жүздөгөн адам ар кандай жаракат алышкан. Натыйжада Бакиевдин кландык башкаруусу ыдырап, үй бүлөсү менен чет элкөгө чыгып кеткен. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: