Санкт-Петербург шаарында үрөй учурган окуя болду. 9-ноябрдын таңында дарыядан улгайган кишини алып чыгышкан. Анын жанындагы рюкзакта аял кишинин кескиленген колдору болгон.

Кармалган киши белгилүү орус окумуштуусу, тарых кафедрасынын доценти Олег Соколов экени аныкталды. Ошондой эле көптөгөн китептин жана макалалардын автору, ордендердин ээси.

63 жаштагы окумуштуу 7-ноябрь күнү студенти жана сүйүктүүсү болгон Анастасия Ещенко менен уруша кетип, аны атып салганын полицияга айтып берген. 24 жаштагы кыздын сөөгү экөө жашаган батирде 2 күн жаткан. Кийин доцент араа сатып алып, студентти кескилген. Анын дене мүчөлөрүн бөлүктөргө бөлүп сууга ыргытып жаткан учурда полиция кармаган. Ал эми кыздын башын окумуштуунун батиринин ичинен табышты.

Ещенко тарых боюнча аспирантураны окуп жаткан. Ал Соколов менен бирге бир нече илимий иштерди жазышкан. Ал эми экөөнүн чыры эмне себептен келип чыкканы азырынча так айтыла элек. Алдын ала маалыматтар боюнча Анастасия Соколовду биринчи никесиндеги кыздарынан кызганчу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 70