Ырчы Анжелика “Супер-Инфону” калп маалымат таратты деп айыптады

185

Ырчы Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитин жалган маалымат жазды деп айыптап чыкты. Ал инстаграм баракчасы аркылуу, аталган басылмага интервью бербегенин жазып, Super.kgдеги видеоинтервьюусу бурмаланганын айтат.

Анжелика Кайратова гезиттин «Жүрөгүм бош эмес, жигитим колумду сурады» темасындагы макаласына нараазы.

«Жигитим деп айткан эмесмин. Жүрөгүм бош эмес экени туура. Бирок, жигит жандап жүрө турган куракта эмесмин. Менин уруксатымсыз мен жөнүндө калп маалымат таратканды токтоткула», — дейт Анжелика.

Анжеликаны бул билдирүүсүн айрым шоу-бизнес өкүлдөрү колдоого алышты.

«Анжелика, сага толук кошулам! 7 жыл мурун булар менден алган интервьюну да бурмалап чыгарышкан. Бир кечирим сурашкан жок. Ошондон бери, булар менен мамилем жок», — деп жазган ырчы Самат Дөөлөтбаков.

«Супер инфону биринчи көрүп жатасыңбы?», — дейт Асыл Апасова.

View this post on Instagram

Болгондо дагы биринчи бетте!!! “Жигитим” деп мен айткан эмесмин! Журогум бош эмес, туура! Биринчиден, мен гезитке интервью берген жокмун! Экинчиден, негативтен ырахат алгансып комментарийлеринерде элди кырылыштырып контент топтойт экенсинер. Арасында отко май тамызган акаунттар өзүнөрдүн аранардагынар болсо керек. Менин уруксатымсыз мен жөнундө калп маалымат таратуунарды токтоткула. Силер менен достошуп, эч кимге бербеген интервьюмду берип келе жаткам. Кызым- Айыманын жайында шагын сындырганынар жетишет болчу! Башкы редакторунар байланышам деп бир ай куттурду!!! Кызым силерге ошондон кийин интервью бербейт деп өзүмө сөз бергем. Маданияты жок кабарчынар менен ал маселени жөнгө салбадынар. Сабыр кылдым. Эми акаунтунарга элдер тундук -туштук болуп кырылышып жатса, мени жигит жандагыдай озун жаш кыз кылып деп ырбатып жатасынар!!! “Анжелика:” эмес, Анжеликанын журогу бош эмес экен. Бактылуу болсун!- деп койсонор болбойбу?!!

A post shared by Кайратова Анжелика Кайратовна (@anjelika_kairatovna_official) on

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь