Б.Талгарбеков: Парламентте шайлоодогу пайыздык босого эмес, партиялык тизмекти кыскартуу жөнүндө талаш жүрүш керек

Парламенттик шайлоодо тогуз, жети же үч пайыздык босогону чектөөдөн майнап чыкпайт. Бул туурасында коомдук ишмер Болотбек Талгарбеков билдирет.

Анын айтымында учурда парламентте отурган депутаттардын дээрлик көбүн бизнесмен оллигархтар түзөт. Алар пайыздык чектөө киргизүү менен өз бизнестерин коргоо аракетин көрүшүүдө.

Бул жерде чектөө киргизүү менен алдыга жыла албайбыз. Ал чектөө көпөздөрдүн гана кызыкчылыгына ойнойт. Үч жолу партиялык тизмек менен шайлоо өткөрдүк майнап чыкпады. Эл камын ойлогон депутаттар партиялык тизмекти жок дегенде элүү пайызга кыскартуу жолун табып, жалгыз мандаттуу талапкерге жол ачып беришсе туура болмок. Анткени эл өзүнүн каалаган талапкерине добуш берүүгө мүмкүнчүлүк ала алмак “,- дейт Болотбек Талгарбеков.

Б.ТАЛГАРБЕКОВ: ПАРЛАМЕНТТЕ ШАЙЛООДОГУ ПАЙЫЗДЫК БОСОГО ЭМЕС, ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕКТИ КЫСКАРТУУ ЖӨНҮНДӨ ТАЛАШ ЖҮРҮШ КЕРЕК

Б.ТАЛГАРБЕКОВ: ПАРЛАМЕНТТЕ ШАЙЛООДОГУ ПАЙЫЗДЫК БОСОГО ЭМЕС, ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕКТИ КЫСКАРТУУ ЖӨНҮНДӨ ТАЛАШ ЖҮРҮШ КЕРЕК

Опубліковано Элдик медиа Дадим слово каждому Вівторок, 12 листопада 2019 р.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь