Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчусу Виталий Люкс Өзбекстан менен өткөргөн жолдоштук беттеште ийнин жабыркатып алды. Мындан улам ал оюнду уланта алган эмес.
Футбол федерациясынан билдиргендей, учурда Люкс Бишкекте дарыланып жатат.
” Люкс моралдык жактан беттешке даярданууда“,- деп белгиледи федерациядан.
Жапония менен өтө турчу беттеште Кыргызстандын командасынын акыркы курамы 1,5 саат убакыт калганда аныкталат.
Эске сала кетсек, 14-ноябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Жапония менен Кыргызстандын футболчулары беттешет. Учурда оюнга билеттер сатыла баштады.