Кыргызстандын өкмөтү унааларга коопсуз жол жүрүүгө мүмкүн болгон трассада саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берди. Буга республикалык жана эл аралык маанидеги унаа жолдун айрым тилкелери кирет.

Буга тиешелүү жол кыймылынын эрежелерине өзгөрүүлөр өкмөттүн 2019-жылы 31-октябрындагы токтому менен киргизилген. Токтомдо кайсы тилкелерде жана унаа жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилгени көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин ИИМ ылдамдыкты жогорулатуу боюнча коомдук талкууга койгон.

Буга чейин айдоочулар унаа ылдамдыгын саатына 90 чакырымдан ашырбашы керек болчу.

Транспорт жана жолдор министрлигине, Ички иштер министрлигине өз чечимдерин токтомго шайкеш келтирүү тапшырылды. Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: