Москвада мас жүргүнчүнү жеткирбей койгон кыргыз таксист полицияга түшүп калды

34

Москвада такси айдап жүргөн Кыргызстандын жараны мас жүргүнчүнү жеткирбей койгондугу үчүн аны полиция кармап кетти. Бул тууралуу юрист Валентина Чупик  социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Айзат Исаков, Кыргызстандын жараны. Мас кардардын улуттук белгилерин айткан басмырлоосуна кабылды, ошондой эле жүргүнчү айдоочуга кол салууга аракет кылган. Дал ошол таксиде отурган мас киши полция чакырып, кыргызга каршы арыз жазды. Эми кыргызды Зюзиндин ички иштер бөлүмүндө кармап жатышат, нөөмөттөгү Гомонков болсо өзүнүн аракеттерин түшүндүрүп бере албайт“,- деп жазган.

Автор бул окуяга кабылган мигрант менен жазышуусун интернетке жүктөдү. Кыргызстандык жаран аны эмне себептен кармап кеткенин эч түшүнбөйт, кандай кадамдарды жасаш керектигин дагы билбей жатат.

Жыйынтыгында юристтин жардамы аркылуу мигрантты бир нече саат кармап кое беришти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь