Улуттук статистика комитети ноябрь айында эл жана турак-жайды каттоо мобилдик тиркемесин тестирлөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Ош шаарында электрондук форматта уюлдук телефон менен маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу 18-ноябрдан 27-ноябрга чейинки аралыкта ишке ашат. Ага ылайык шаардык статистика башкармалыгы уюлдук телефону бар, 200 адамды келишимдик негизде жумушка чакырат.

Кызматкерлерге маалымат берүү үчүн беш күндүк окутуу өткөрүлөт, анын
жүрүшүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуунун
методологиясына байланышкан маселелерди иликтеп үйрөнүү, ошондой эле
мобилдик тиркеме менен иштөө боюнча практикалык сабактарды өткөрүү
пландаштырууда.

Негизги талаптар;

-Уюлдук смартфону Android 5тен өйдө болуусу зарыл,

-эл менен сүйлөшө алган,

-жоопкерчиликтүү болушу керек.

-Жаш өзгөчөлүгү эске алынбайт, бирок иш убактысы туруктуу болбойт. Эртеден кечке же кечинде үйлөрдү кыдырып эл каттоо жүргүзөт.

Башкача айтканда 5 пунктан турган электрондун анкетаны Ош шаарынын ар бир тургунуна толтуртуп чыгуу керек. Жумуш 10күнгө гана созулгандыктан, кошумча жумуш катары алсаңыз да болот. Айлык акысы 6 000 с.

Электрондук форматта маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуучу мобилдик тиркеме Ош шаарында биринчи жолу пилоттук негизде ишке ашып жатат. Ал эми Республика боюнча 23-марттан киргизиле баштайт.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: