Бүгүн улуттук илимдер акаемиясында “Илим” күнү белгиленүүдө. Аны утурлай мекеменин мыкты кызматкерлери, жаш окумуштуулар сыйланды.

Кыргызстанда жалпысынан 1200 илимдин доктору 5200 илимдин кандидаты жана ошондой эле чет өлкөдөн илим жактаган 200дөй илимпоз бар. Анын ичинен илимдин уясы болгон улуттук илимдер акаемиясында 1500 кызматкер эмгектенет. Аладын 164 илимдин доктору, 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана 8 чет өлкөлүк мүчөсү бар. Мындан сырткары академиянын карамагында 19 илимий институт бар.
Бирок илимдер академиясы, деги эле илимий кызматкерлер акыркы жылдары кандай илимий изилдөөлөрдү жасап, кандай ачылыштарды жасай алды? Бул суроолорго жооп издеп мекеменин расмий сайтына киргенибизде, акыркы жаңылыктар адабий чөйрөдө эле эле жазылганын көрүүгө болот. Маселен:
Байтик баатыр Канай уулу: жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция, “Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну” деген аталыштагы ой-талкуу, Чыӊгыз Айтматовдун китептеринин бет ачар аземи” жана башка ушул сыякутуу макалалар.
Айыл чарба артка кетип, экономикада тартыштык болуп турган маалда адабияттан башы чыкпаган академик, илимдин кандидаты, илимдин докторлору кереги барбы? Узун жазылган устав менен 6 миңден ашуун илимпоз адабият жаатында гана иштеп жатабы ?
Жалпысынан Улуттук илимдер академиясынын Уставы 2017-жылдын 17-октябрында бекитилип аны 79 бөлүкчөгө бөлгөн. Баш айланткан уставды кыскарып жазганда
http://naskr.kg/ky/2019/07/02/uianyn-ustavy/
Изилдөөлөр менен элдин социалдык-экономикалык, маданий жана башка маселелерди чечүүдө илимдин ролу аркылуу жеңилдетүү деп жазылган.

Дал ушул токсон барактан турган токтом аткарылбай жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев буга чейинки парламенттик жыйында айтып чыккан. Депутат академиянын ишин сынга алып азыркы учурда илимий кызматкерлер коомго керектүү иш жасабай жатканын белгилеген.
Академиядагы илимпоздорду эмнеге кармап отурабыз? Тез арада реформа жүргүзүп, академияны башка форматка өткөрүш керек. Коомдо маанилүү маселе болгондо академия илимди түшүндүрүп качан өзүнүн оюн айтты? Мына, азыр уран маселеси чыкты эле ооз ачкан жок.”- деген Казакбаев.

                  Улуттук илимдер академиясынын президенти,Академик Мурат Джуматаев

Академиянын президенти Мурат Джуматаев илимдин таасири кыргызстанга пайдасын тийгизип жатабы деген суроого 3 мүнөт сурап комментарий берем деп бирок андан кийин телефонун көтөргөн жок. Ал эми мекеменин маалымат кызматы бул иштер боюнча жооп берүүдөн баш тартты.

Чет өлкөлөрдө илимдин жардамы менен космоско учуп жаңы технолгияларды ойлоп таап, роботторду сүйлөтүп, а түгүл өлгөн адамды тирилтип жаткан учуру. Бирок Кыргызстандагы 6000 илимпоз бар болгонуна карабай сагыз ойлонуп табыла элек. Бир гана академик, профессор ортопед Сабырбек Жумабеков 50дөн ашык илимий иш жазып , 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасаган. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, шакирттери менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...
Просмотров: 9