Мурдагы депутат Ширин Айтматованын ак калпак менен байпакты саясатка байланыштырып билдирген пикирине соцтармактын колдонуучулары нааразы болууда.

Айтматова Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кыргыз саясатчыларына кайрылып пост жазган. Анда ал депутаттарды бул кырсыкка көңүлүн бурдуруп, ” Тышкы саясатта өлкөнүн имиджине кандай таасир этери силерди тынчсыздандырбайбы? Ак калпак жана байпактан башка көптөгөн факторлор бар“,-деген.

Ширин Айтматованын пикирине намыстангандардын бири- журналист Шайырбек Абдырахман фейсбуктан төмөндөгүдөй жооп берди.

” Саясатыңарды калпакка асылбай эле жүргүзө бергилечи байболгурлар! Депутаттарга Сайматинин өлүмү жана ал минип жүргөн КРге тийешелүү дипломатиялык номер жөнүндө маселе көтөрүңүздөр – деп эле кайрылса болбойбу? Ак калпак, байпак деген сөздөрдүн эмне кереги бар эле? Же бул аларды кемсинткендеги сөзбү? Андай болсо, эл өкүлдөрүнүн ыйыгына тийип, ичин күйгүзө турган толтура сөз бар го калпактан башка деле!

Саясатыңарды калпакка асылбай эле жүргүзө бергилечи байболгурлар! Депутаттарга Сайматинин өлүмү жана ал минип жүргөн…

Опубликовано Шайырбеком Абдырахманом Понедельник, 11 ноября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: