Айеркен Саймаитиге жасалма паспорт Сузактан берилген

Кытай жараны Айеркен Саимаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, иш сотко өткөрүлүп берилген жана Саимаитинин өзүнө карата да тергөө иштери жүрүп жаткан.

Саимаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылы министрликтин Тергөө бөлүмү Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон.

Ал ишкер 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Саимаити Кара-Суу базарынан алдоо жолу менен анын акча каражаттарын жана 3 028 168 долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алганын, кийин изин жашырып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча “Алдамчылык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь