Саймаитинин өлүмүнөн кийин Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консул Сопоков Эркин  ээлеген кызматынан бошотулду. Айрым саясат талдоочулар  Эркин Сопоковду учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашпозчусу болгон үчүн ал кызматка барып калган дешүүдө.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда өзүн консулдукка сунуштагдар чыкты. Коомдук ишмер Замир Айылчиевдин билдиришине караганда Стамбул шаарында кыргыз жарандары 30 миңден ашат. Бирок буга чейин консулдук тараптан эч кандай  иш аракеттер болгон эместигин белгилеп ашпозчу менен айдоочулар консулдукка барбаш керектигин белгилейт.

“Стамбул шаарындагы мурунку кийинки консулдардан таза реформаларды күтө берип чарчадым, мындан сырткары менин катарымда Стамбул шаарында эмгектенген миңдеген мигранттардын, миңдеген студенттердин опол тоодой чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү бар. Менде консулдукту ирээтке келтирүү үчүн көп жылдан бери топтогон тажырыйба жана даярдаган өздүк программам бар”- деди Замир Айылчиев

 

Түркиядагы мекендештерге биздин өкмөт кандай көңүл буруп келет?

Түркиядагы мекендештерге биздин өкмөт кандай көңүл буруп келет?

Опубліковано Элдик медиа Дадим слово каждому Середа, 13 листопада 2019 р.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 100