Актриса Нурия Алимбаева дүйнө салды

66

Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурия Алимбаева узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптеши Дамирбек Нарматов билдирди.

“Сахнада, кинодогу жараткан образдары режиссёрдун тапшырмасынан да жеткире аткарган мыкты кесипкөй инсан эле. Сени менен дагы көп тасмаларда иштейбиз деген максаттарыбыз бар эле”,- деп жазган Нарматов.

Нурия Алимбаева 41 жашта болчу. Артында бир кызы калды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу тажиясы 13-ноябрь саат 14:00дө Кара-Суу районунун Мамажан айылында өтөт.

Элдик Медиа порталы Нурия Алимбаеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь