Учурда 2022-жылы өтүлө турчу дүйнөлүк футбол оюну боюнча чемпионатка тандоо турлары жүрүп жатат. Анын алкагында эртең 14-ноябрда Кыргызстан менен Япония беттешет. Беттеш эртең кечки саат 17:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болмокчу.

Буга байланыштуу Элдик Медиа порталы Кыргызстан улуттук курамасынын күчтүү атаандашы болгон Япониянын курама командасы туурасында жалпы маалымат жана кызыктуу фактыларды карап чыкты.

1) Япония улуттук курама командасын көп учурда Сакка Ниппон Дайхё деп атап жүрүшөт, бирок бул алардын расмий лакап аты эмес. Башкы машыктыруучусунун атынан Такэси Окады деп да атап калышат.

2) Япония Азиядагы эң титулдуу улуттук курама катары каралат. Алардын ийгиликтери: Азия кубогунун 4 жолку жеңичүүсү жана дүйнөлүк чемпионатка 2002, 2010, 2018 – жылдары 1/8 финалга дейре жеткен жайлары бар. Дагы да айта кетсек Япония Кубок конфедерацияда 2001- жылы финалга жеткен.

3) 1968- жылы Мехикодо Олимпиада оюнадарында коло медалын утуп алышкан.1991- жылдары Япония бул спорттун түрүн өркундөтүү максатында улуттук Джей-лигасын негиздеди.

4)2002- жылы Түндүк Корея менен биргеликте Япония дүйнөлүк чемпианатты өткөрдү. Анда Япония 1/8 финалда Түркияга утулуп калган.

5) Япония Америкада жайгашпай туруп Америка футбол кубогуна катышкан жалгыз улуттук курама. 1999-2019 жылдары Япония Америка футбол кубогуна конок катары чакырылган.

6) Эми былтыр Россияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1/8 финалда Япон футболчулары Бельгия курамасына (3-2)эсебинде жеңилип чемпионаттан четтеген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: