Бишкектеги бала бакчага кирген уурулар камерага түшүп калган (видео)

99

Бишкекте уурулар бала бакчага кирип 10миң сом жана алтындарды уурдап кетишти. Бул тууралуу Элдик Медиага Бишкек ШИИББнен билдирди.

Маалыматк ылайык, 13-майда Биринчи май райондук ИИБне М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол күнү саат 02:40тар чамасында Көлмө конушундагы “Бала кыял” менчик бала бакчасына уурулар киргенин айткан. Белгисиз адамдар терезе аркылуу бала бакчанын ичине кирип, сейфте сакталып турган 10 миң сом акча жана алтын зер буюмдарын уурдап кетишкен. Арыздануучу из жашырып кеткен ууруларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Түн жамынып ууруга киргендер видеобайкоого түшүп калган.

Бул факт “Уурулук” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь