Бишкекте келинди зордуктап, андан соң Чоң Чүй каналына чөктүрүп салган

Бишкекте аялды зордуктап кийин аны Чоң Чүй каналына чөктүрүп салган кишиге карата соттун өкүмү чыкты.

Аттары өзгөртүлдү

Таалай Марина аттуу келин менен шаардагы парктардын биринде таанышып, кийин аны зордуктап жана ЧЧКга чөктүргөнү үчүн айыпталды. Тергөөнүн версиясы боюнча, экөө ичимдик ичишкен. Андан соң аялды артынан зордуктап, эч кимге айтып койбосун деп корккон Таалай Маринаны каналга чөктүрүп жиберген.

Алгач Таалайдын айтуусунда, Марина менен кошулуп жатканда келин күйөөсүнө барын айтып коем деп коркуткан. Ошол себептен корккондуктан аны суунун астында 5 мүнөттөй кармаган.

Кийин сотто Таалай көрсөтмөсүн өзгөртүп, Марина экөө спирттик ичимдик ичип сууга түшкөнү барышканын айтат. Андан кийин эмне болгонун билбей калган. Таалай аялды зордуктабаганын жана өлтүрбөгөндүгүн билдирип, кыйнап күнөөнү мойнуна алдырткандарын айткан.

Маркум Маринанын кайын энеси келини арак иччү эмес дейт. Ал сатуучу болуп супермаркетте иштечү. Жолдошу Виталий аялынын өлүмүнө катуу кайгырып жатканын айткан. Артында 6 жаштагы баласы калды.

Сот Таалайды 20 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып пул салды. Мындан тышкары маркумдун күйөөсүнө 42 миң сом материалдык чыгым жана 50миң сом моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь