Президент Сооронбай Жээнбеков 30-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 “алтын” кенге лицензия алганын билдирген. Муну менен мамлекет башчы кен тармагында коррупция тамырын терең жайганын ачыкка чыгарган.

Кен байлыктарды менчиктеп алгандардын сап башында Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов тураарын chyndyk.kg жазып чыкты. Ɵнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматына ылайык, атасы Бердибай Примовдун ɵзүнɵ катталган алты ишканасы 11 лицензия алган.

Алар: “Улан-Чи”, “Перити Коал”, “Береке Кен”, “Синьжи-Пирим”, “Кɵмүр Компаниясы”, “Мамат Компани Кульдамбес” ж.б.

Жазылбай калгандары да кɵп, мисалы, Алайдагы Сарык-Могол шахтасында кɵмүр ɵндүргɵн ишканасы жазылган эмес. Айтор, Примов далай жердин документин тууралап, документтерин «сейфке» катып коюптур. Бир эле адам ушунча кенди менчиктеп алганы акылга сыя турган ишпи? Бул боюнча иликтенсе дагы далай маалыматта чыкчудай“,- деп жазат аталган сайт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 33