Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда миграция кызматынан келген өкүл депутаттын суроолоруна жооп бере албай калды.

Муну угуп турган ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, “мындай иш билбеген жетекчилерди бул жакка алып келбей жүргүлө” деген эскертүүсүнө өкмөт өкүлү бул кызматка кечээ эле дайындалганын буга чейин Жогорку Кеңеште көп жылдан бери бөлүм башчы болуп иштеп келгендигин белгиледи.

Ал эми төрага бул кишинин өмүр баянын сурабаганын айтып өттү.

Урматтуу өкмөт өкүлү буга чейин сизге бир нече ирээт айттым. Жогорку Кеңешке министр, орун басары болобу же стат катчы болобу билгендер келсин өкмөт башчыга айтып барыңыз

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 59