Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлдөрү Стамбул шаарында болгон окуя боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылышты. Жыйынтыгында ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн саат 14:00дө өкмөт мүчөлөрү бюджет маселеси боюнча толугу менен келээрин билдирип, ушул убакытта жарым саат баяндама беришин өкмөт өкүлүнө тапшырды.

Адегенде аэропорттон ишкердин сөөгүн табышты, кийин “Кыргыз көмүрдүн” башчысын сабашты, эми биздин укук коргоо органдары издеп жүргөн кишини Түркиядан өлтүрүп кетишти. А премьер-министр болсо үн чыкпайт“,- деди депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болду. Ага эки куралчан жаран кол салып, окуя болгон жерден алар качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми ишкер алган жаратынан улам ооруканада жан берген. Кечээ анын өлүмүнө шектелип үч киши кармалды, алардын экөө Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

А. Шыкаматов: "Эртең Батукаев элчинин машинасы менен жүрсө унчукпайбызбы"

А. Шыкаматов: "Эртең Батукаев элчинин машинасы менен жүрсө унчукпайбызбы"

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 12 ноября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 43