Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар орто мектебинде 5-класстын окуучусу 7-класстагы балдар тарабынан сабалган. Бир мектепте окуган балдар менен танапис учурунда пикир келишпестик орун алып, аны уруп коюшкан. Анын кесепетинен окуучунун мурду сынып, баш мээси чайкалган. Азыр экинчи ирет дарыланып жатат.

Жабыркаган баланын апасы Гүлипа Аматованын айтымында, окуя октябрь айынын башында орун алган. Бирок азыркыга чейин мектеп жамааты кайдыгер мамиле жасап келет. Баласы ооруканага жаткандан бери, урган окуучунун ата-энеси же болбосо  мугалимдер абалын сураган жок деп нааразы. Азыр анын бир гана талабы- бул ишке көздү жумуп койбой, тыкыр көзөмөлгө алынсын дейт.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча сабаган балдардын биринин апасы мектепте мугалим болуп иштейт.

Ал эми мектеп директору жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен бирге окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын “Ынтымак” телеканалына билдирип, бир гана тергөөнүн жыйынтыгын күтөрүн айткан. Ошондой эле мектептеги социалдык педагогко жабыр тарткан окуучудан кабар алып тургула деп тапшырма бергенин да кошумчалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: