Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандар зонасы уюштурулат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Футбол күйөрмандарына эски аянтта чоң экрандан оюнду түз эфирден көрсөтөт. Ошондой эле ал күнү шоу-программалар, конкурстар жана башка оюндар уюштурулат.

Фан-зона саат 15:15те ачылат. Кыргызстан менен Япониянын беттеши саат 17:15те башталат.

Жол милициясынан белгилешкендей, эртең Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 82