“Чыпалак баатыр” каймана аты менен белгилүү Зарылбек Аликенов Нурлан Мотуев менен жекеме-жеке чыга берем деп ютуб аркылуу айткан эле.

«Жекеме-жеке чыккандай Мотуев – Чак Норрис, мен – Брюс Ли белем?! Мен Зарылбек болуп жатпаймынбы. Мотуевди мен негизи көрө элекмин. Бир эки жолу телевизордон, интернеттен көзүмдүн кыйыгы менен карап байкап калдым. Бирок, түзмө-түз “живой” жолуга элекмин. Ал деле адам да. Аны сыйлайм! Бирок “раз на раз” деле чыга берем”” –деп күйөрмандын суроосуна жооп берген болчу.

Билдирүүнү уккан Нурлан Мотуев “Чыпалак баатырга” кой үкө, антпе деген жообун берди.

Бирибизди калың эл “биринчи революциянын” баатыры, “көмүр королу”, президентикке талапкер катары бүт КМШга чейин таанып жатса, эл сыйлап жатса, экинчибизди калайык журт кара күч баатыры катары таанып, сыйлап жатышса… Анан экөөбүз рингге чыгып алып былчылдашып, мушташып жүрсөк… Бизди көргөн кийинки муун кандай тарбия алат? Андан көрө  могу “поселение” мөөнөтүм бүтсө экөөбүз түзчү көп долбоорлор бар. Мисалы, чогуу чыгып рэп ырдайбызбы, же бир кызыктуу шоу программа түзөбүзбү, же бир киного тартылабызбы… Менин колу-бутумду тушап турган эле ушул “колония-поселение”. Мөөнөтү бүтөрүнө дагы 2 жыл бар. Көңүл бөлгөнүңүздөргө ырахмат!”,- деп билдирүү жасаганы ютуб каналына жарыяланды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 148