Саймаитини өлтүрдү деп шектелгендер Кыргызстандыкбыз деген менен тастыктоочу документ көрсөткөн эмес

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандар өздөрүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырганын Түркиянын полициясы оозеки түрдө Кыргызстандын бакшы консулдугуна маалымдады. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Улан Дыйканбаев билдирди.

Бирок аларда жарандыгын тасыктоочу паспорту болгон эмес. Башкача айтканда кыргыз паспортун көрсөтө алышкан жок.

Учурда тышкы иштер министрлиги алар биздин жарандарбы же жокпу тактап жатат.

Түрк басылмалары жазган маалыматтарга ылайык, өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын экөө- Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев Кыргызстандын жараныбыз деп тааныштырган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь