13-ноябрда “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунда отурум улантылды.

Отурумдун жүрүшүндө 2010-жылы Юстиция министрлигинде иш алып барган, экс –башкы прокурор Аида Салянова суроолорго жооп берди.

Коюлган күнөөнүн версиясы боюнча, 2010-жылы 13-майда Леонид Маевский, Алексей Модин, Дүйшөнкул Чотонов жана Таалайбек Маматкеримов Жогорку Кеңештин имаратында Текебаев менен анын 306 номериндеги кабинетинде жолугушуп, ага уюлдук оператор “Мегакомдун” тейлөө пакеттеринин акцияларын сатуу боюнча пара беришкен.

Ал эми А.Салянованын айтымында Текебаев 2010-жылы 13-майда Венециялык комиссиянын мүчөлөрүнүн тегерек столуна катышып, андан соң Конституциялык кеңешмеде кечки саат 21:00 гө чейин болгон.

Адвокат Талайгүл Токтакунова күбөдөн Текебаевдин кабинетин көрүп жүрдүңүз беле деп сураганда, Салянова ооба деп жооп берди.

Адвокат Модиндин акчаны кабинетке алып киргендеги кадрларды көрсөтүп, Саляновадан “бул кабинет Текебаевдикиби?” деген суроо узатты.

Салянова буга “жок, Текебаевдин кабинети башкачараак болчу”деп жооп берди.
Саляновадан ошол Конституциялык кеңешмеде дагы ким болгонун сурашканда,
“Мен аны эстей албайм, бирок ал жерде Данияр Нарынбаев бар болчу “деп жооп берди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 39