Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан менен Япония ортосундагы футболдук беттештин билеттери толугу менен сатылып бүткөнүн билдирди.

Эртең, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт.

Тилекке каршы биздин стадион бардык каалоочуларды батыра албайт. Ошондуктан күйөрмандарга кошумча фан-зона уюштурулат. Ал эми, стадиондун эшиги оюн башталганга чейин 2 саат мурун ачылат”, – деп белгиледи федерациядан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: