14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV-республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт.

Бул жылы өлкөнүн бардык аймактарынан 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат. 15-ноябрда жаш кино өнөрпөздор борбордогу “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу Сыйлык тапшыруу аземине катышышат.

Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары да берилет.

Мындан сырткары, быйыл ЮНИСЕФ тарабынан «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын “ТУМАР” сыйлыгы тапшырылат.

Аталган кинофестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук Фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
-1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: