Айеркен Саймаитинин өлүмүн бир миң доллар үчүн ишке ашырышканын Түркиянын укук коргоо органдары билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басмылмалары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, аны өлтүрдү деп шектелгендер Түркияга жасалма паспорттор менен Хусеин Ахмет (Hüseyin Ahmet Aliyev) жана Абдуллах Энвер (Abdullah Enver)болуп кирген.

Айеркен Саймаитинин өлтүрүү үчүн 15 күн аңдышкан. Ошондой эле кол салуу Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам жана Саймаити «мусулман эмес болчу» деген себеп менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн мойнунда $1 млн 250 миң карызы болгон.

Ишкерди Абдулла Энвер аткан, ал эми кылмыш болгон жерге келген унааны Хусеин Ахметалиев башкарган.

Шектүү катары кармалгандар Сирияда таанышып, Айэркен Саймаитини өлтүрүү үчүн бир ай мурун Стамбулга келген. Ал эки адам Сириянын Идлиб провинциясындагы “ан-Нусра” террордук уюмунан бөлүнүп чыккан экстремисттик топко мүчө болушкан.

Аларды тинтүүгө алганда 6 уюлдук телефон, аялдардын жана эркек кишилердин жасалма күбөлүктөрү менен айдоочулук күбөлүктөр табылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 42