АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды туристтер үчүн кооптуу болгон мамлекеттердин тизмесине киргизип, өз жарандарын бул өлкөгө барууда өтө сак болууга чакырды.

Мамдепартаменттин мындай билдирүүсү 13-ноябрда, тажик-өзбек чек арасына жакын жердеги «Ишкобод» тозотуна жасалган куралдуу чабуулдан бир жума өткөндөн кийин жарыяланды.

Анда АКШ жарандарына ыктымал чабуулдардан сактануу үчүн адамдар көп топтолгон жерлерге барбоо жана коомдук транспорттор менен пайдаланбоо сунушталган.

«Террорчулар турак-жай кварталдарына, клуб, ресторандарга, мектептерге кол салышы мүмкүн. Бирок алардын мамлекеттик мекемелерди бутага алуу ыктымалдыгы жогору», — деп жазылган департаменттин эскертүүсүндө.

Тажик бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 2018-жылы өлкөдө террордук жана экстремисттик кылмыштар 29 пайызга азайган. Бирок 6-ноябрдагы чек ара тозотуна кол салуу тынчсызданууларды жаратууда. Буга чейин Улуу Британия Тажикстанда теракттар кайталанышы мүмкүндүгүн эскерткен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
-1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: