Кыргызстанда каралар кайрадан ойгонууда. Аларды көзөмөлгө ала албаган өкмөт токтоосуз отставкага кетиш керек. Бул туурасында бүгүн коомдук-саясий ишмер Бектур Асанов “Элдик Медиа” порталына берген маегинде айтты.

Анын билдирүүсүндө учурда өкмөт чабал иштеп жатат. Ага акыркы убакта Кыргызстанда жана Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдардын өлүмү далил. Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай чоң резонанс жараткан адам өмүрү аралашкан чууларда жок эле дегенде ички иштер министри кызматтан кетирилээрин айтат.

Учурда күч структуралары начар иштеп жатат. Кылмыштуулук менен күрөшмөк түгүл, күрөшүүнү ойлогон да эч ким жок. Бул жерде адам өмүрү жөнүндө кеп болуп жатат. Мындай учурларда башка өлкөлөрдө жок эле дегенде ички иштер министри жумушунан алынат. Анткени алар кылмыш болгондон кийин эмес, ошонун алдын алыш керек болчу ”,- дейт Бектур Асанов

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 58