Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жетектеген Кыргызстандын делегациясы 12-14-ноябрь күндөрү Кениянын Найроби шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын 25 жылдыгына арналган саммитине катышты.

Саммитке дүйнө жүзү боюнча президенттер, депутаттар жана министрлер катышууда. Конференция 6000 миң адамды камтыды.

Вице-спикер Аида Касымалиева иш-чара жүрүшүндө англис тилинде жасаган баяндамасында Кыргызстанда энелер өлүмү 2012-жылга салыштырганда 35 пайызга азайганын белгиледи.

Депутат өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири – өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулук. Өспүрүмдөр арасында жылына 1500 аборт жасалып, 13-19 жаштагы кыздар арасындагы төрөт болжол менен 7 миңге чейин экенин баяндады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 65