Жалал-Абадда адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2019-жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 17:00 чамаларда Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Салтанат” ресторанынын жанында 1991-ж.т. Т.Ф. аттуу Сузак районунун тургунун белгисиз адамдар  “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага күч колдонуп салышып, уурдап кетишкен. Кылмышкерлер жабырлануучуну Бишкек шаарына алып барышып, жакын туугандарынан 20 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Киши уурдоо” болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү ушул фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган.

2019-жылдын ноябрь айынын башында, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чүй областынын Аламүдүн районунун тургуну 1993-ж.т. М.Ш. Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы убакта анын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь