10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмү кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Анын айдап жүргөн унаасы Кыргызстандын мамлекеттик кызматына таандык болгон болсо, кылмыш кылган адамдар “кыргызстандыкпыз” деп жарыя салышты.

Мындан улам мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин кызматкери Ринат Алиев кытай ишкери Айэркен Саймаити чындап эле кыргыз жарандыгын 2011-жылдары алгандыгын тастыктап, ошол кезде ага паспорт жасап берүүгө шектелген мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери учурунда өз жазаларын алышканын билдирди.

“ Аталган кылмышка шектүү делгендер тагыраагы үч кылмышкердин экөөсүнүн кыргыз паспортун алган же албагандыгы учурда текшерилип жатат. Биздин каттоодон алардын ысымдары чыкпагандактан, алар мыйзамсыз түрдө жасалма кыргыз паспортун алып жүрүшкөн деген божомолдор бар. Ал эми биздин паспортторду чет элдиктер алыш үчүн атайын мыйзамдын негизинде Кыргызстандын аймагында 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаганга милдеттүү. Тийиштүү документтерди чогултуп келген соң атайын президенттин колу коюлуп макулдук жарлыгы чыгат. Ага ылайык паспорт ала алышат. Бөлөк улуттун өкүлдөрүнө паспорт берүүдө ал адам өз мекенинде соттолгон эместигин далилдеген бир катар кагаздарын тактоо иш чараларынын негизинде берилет. Эгерде чет элдик жаран Кыргызстанга чоң инвестиция алып келе турган болсо, анда ага жеңил шарттар каралат. Бирок, тилекке каршы биздин кызматтын тарыхында эки эле адам инвестор катары паспорт албаса калган дээрлик көпчүлүк Тажикстан, Өзбекстандык этникалык кыргыздар жарандыкты алууга арыз беришет. Кыргызстанга келин болуп келген кыз- келиндердин арыздары көп.

Коомдук ишмер Максат Чакиев паспорт чыры кечээ эле чыга калган жок. Акыркы 5 жылдан бери паспорт чыры токтобой келет. Жалпы эле паспорт берүү системасы биздин өлкөдө өтө чабалдыкта келе жатат деген ойдо

Паспорттогу коргоо көрсөткүчтөрүн кайра иштеп чыгып, жасалма паспортторду жасоо мүмкүнчүлүгүн азайтыш керекпиз. Маселен: Казак Республикасынын жарандарынын паспорттору же өзбектер кармалыптыр дегенди сейрек угабыз. Дүйнөлүк практикада мындай, эгер чет өлкөнүн паспорту менен кылмыштуу топтор кармалса анын улутун териштирбейт. Ошол эле Стамбулдан катталган кылмышта кылмышкерлер кыргыз паспорту менен жүргөндүктөн аларды дароо эле Кыргызстандык кылып бүт дүйнөгө жарыя салышты.Алардын улутун териштирген киши болгон жок. Мындай учурда биринчиден мамлекет үчүн, экинчиден биздин “кыргыз” деген улутубузга түздөн-түз шек келтирүүдө. Андыктан чет элдик паспортко да “улут” деген графаны паспорттун негизги бетинен көрүнгөндөй кылып чыгаруу керек”,- деп эсептейт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 142