Жапон футболчулары жана күйөрмандары биринчи кезекте өздөрүнүн тазалыгы менен дүйнөгө таанылган. Мунусу Бишкекке келген беттеш учурунда дагы көз жаздымда калган жок.

Машыгуу учурунда жапон оюнчулары бут кийимдерин талаанын четине тазалап, анан имаратка кирип жатканы, күйөрмандары дайыма тегерегиндеги таштандыларды тазалап жүргөнү дароо көзгө урунду.

Өткөн дүйнө чемпионатында жапон фанаттары жөн эле басып кетпестен, өздөрү отурган жерди тазалап жатканы тартылган сүрөт жана видеолор интернетте топ жарган эле.

“Бул футболдогу гана көрүнүш эмес. Тазалык жапон маданиятына сиңип калган. Алар дайыма айлана-чөйрөнү сыйлап келет. Бул маданият футболдо дагы байкалат”, -дейт Жапониядагы спорт журналисти Скотт Макинтэйр.

“Ысык-Көлдү көрө кетейин дедим”

Бишкектеги беттешке дагы бир нече жапон күйөрманы келген. Алардын бири өзүн Кадзуя деп тааныштырды.

Би-Би-Си: Жапон командасы эл аралык деңгээлдеги көп чоң оюндарда ойнойт эмеспи. Сиз эмне үчүн дал ушул жапон-кыргыз беттешине келдиңиз?

Кадзуя: Бул Кыргызстанга келүүгө шылтоо болуп калды. Антпесе, башка ылайыктуу учуру жок. Мисалы, Борбор Азияда Өзбекстанга барганга атайын турлар бар, жеңил барып келсе болот. Ал эми Кыргызстанга атайын саякат үчүн келгенге шарт болгон жок. Ошондуктан беттешти пайдаланып Кыргызстанды көргөнү келдим. Кыргызстан, Ысык-Көл биз үчүн абдан кызык

Би-Би-Си: Анда Ысык-Көлгө да барасызбы?

Кадзуя: Албетте, эртең Ысык-Көлгө сапар алабыз. Тянь-Шань тоолорун көрөбүз.

Би-Би-Си: Кыргызстанга канча күнгө келдиңиз?

Кадзуя: Үч күнгө келдим.

Би-Би-Си: Футбол Жапонияда башка спорт оюндарына салыштырмалуу өзгөчө орунда турабы?

Кадзуя: Футбол эң популярдуу оюн деп айтканга болбойт. Ал белгилүү төрт-беш оюндун ичине кирет. Андан сырткары бейсбол, күрөш, жапон күрөшү – сумого эл арасында абдан кызыгуу көп. Футбол ошолордун ичинде. Андан ар ким өзү тандайт. Мен болсо футболдун күйөрманымын.

“Кыргызстан артта калган өлкө деп ойлогом”

Мен жетимиш бир жаштамын. Он жашымдан баштап футбол ойногом. Ошондуктан футболду жанымдай көрөм. Футбол калысы болуп иштедим. Өткөн жылы карьерамды жыйынтыктап, азыр пенсиядамын. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Кыргызстан жөнүндө эч кандай маалыматым жок болгон үчүн аябай эле артта калган өлкө деп ойлогом. Бирок, келип имараттарды, курулуштарды көрүп, адамдардын унаа минип жүргөндөрүн көрүп жакшы эле өнүгүп бара жаткан өлкө экен деп ойлодум. Европага көп барам. Болжолдуу ушул Кыргызстандын үстүнөн учуп өтсөм керек. Ошондо ылдый карасаң тоолор, аппак кар эле көрүнөт. Бул жакта шаар жок, тоонун арасында эмне болмок эле деп ойлогом. Ушунча алдыга кетип бара жатканын элестете да алган эмесмин”,-деди жапон күйөрмандарынын бири Сато.

Жапониялыктар тазалыкка бала кезинен үйрөнүшөт

“Футбол оюнунан кийинки көрүнүшкө жапондор мектептен тарта көнүшөт. Бул өлкөдө окуучулар сабак өткөн бөлмөлөрдү өздөрү жыйнайт. Тазалык тууралуу улам айтыла берип, ал маданиятка айланган”, -дейт Осака университетинин профессору Скот Норт.

Жапондор бул маданияты менен сыймыктанат. Жапон күйөрмандары тазалык, желимдерди кайра иштетип колдонууну даңазалагандан тышкары, өздөрүнүн маданиятын дагы дүйнөгө көрсөтүүдө.

“Дүйнөлүк чемпионатка Жер планетасынын булуң бурчунан келишет. Алар бири-биринин маданиятын көрүп, бири-биринен үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алат. Бул Дүйнөлүк чемпионаттын артыкчылыктарынын бири деп эсептейм“, -дейт профессор Скот Норт.

Командасын колдогону Орусияга келген жапониялыктар таштанды баштыктарын көтөрө келген. Оюн бүткөндөн кийин бирден тизилип, стадионду тазалап кетишти.

Кызыгы, бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес. “Көк самурайлар” аттуу жапон курама командасынын күйөрмандары кайсыл өлкө же стадионго барбасын, отурган жерин ар дайым таптаза кылып кетишет.

Бул футболдогу гана көрүнүш эмес. Тазалык жапон маданиятына сиңип калган. Алар дайыма айлана-чөйрөнү сыйлап келет. Бул маданият футболдо дагы байкалат“, -деди Жапониядагы спорт журналисти Скотт Макинтэйр.

Булак: Би-Би-Си

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 74